ХРОНОЛОГИЯ ПАПКАСЫ

Ысык-Көл районундагы Бостери айылындагы мектеп-лицейи өзүбүздүн жердешибиз Партиянын Борбордук комитетинин экинчи секретары Хасан Жээнбаев дин ысмын алып жүрөт.

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи боюнча маалымат

1. Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин имараты 1987 жылы ишке берилген. Типтүү. Советтик жана партиялык ишмер, жердешибиз Асанкан (Хасан) Жээнбаевдин ысымын алып жүрөт.

2. Мектеп-лицейинде баардыгы 84 мугалим эмгектенет. Анын ичинен жогорку билимдүү 74, атайын орто билимдүү 9 мугалим. Жамаат ичинде 18 мугалим Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы”.

3. Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейцинде 1066 окуучу билим тарбия алышат. Анын ичинен отличник окуучу-74, ударник- 286, жетишпеген окуучу жок. 2014-2015-окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 32% түзгөн.

4. Мектептин жалпы аянты – 3800 м2. Класстык бөлмөлөрдүн саны- 45, окуу кабинеттеринин саны 45, компьютер- 25, анын ичинен 12 компьютер иштейт, иштебеген- 13. Мектепте 2 интерактивдүү доска, 1 түстүү принтер, 1 принтер- сканер, ксерокпиясы . Мындан тышкары мультимедиалык кабинет бар. "Билим ТВ" аркылуу билим берилет

5. Мектептин ички дааратканалары быйылкы окуу жылында айыл өкмөтү тарабынан кайрадан жасалып ондолду.

6. Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи 2013-жылы лицейи статусуна ээ болуу менен бирге кесипке багыт берүү үчүн ачылган курстардын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат бере алдык. Акыркы 10 жыл ичинде мектептин чатыры кайрадан ондолуп жабылды, 3 кабаттын залдарына кафель төшөлүп, терезе жапкычтары жаныртылды. Ар бир класс кабинети телевизор, ДВД менен камсыз болду. “Арис” уюму аркылуу, “Мерсико” уюмунун жардамы менен класс кабинеттери парта, шкаф, кийим илгич менен камсыз болушту. Мектеп алдына мектеп ысымын алып жүргөн жердешибиз Хасан Жээнбаевдин бюсту коюлду.

7. Мектеп лицей статусуна ээ болгону 3 курс: тигүүчү, повар-официант, ГИД өз ишин баштап, 2015-жылы алгачкы 30 бүтүрүүчүсүнө сертификат тапшырылды. Биздин курсту аяктаган окуучуларыбыздын бири Алма-Ата шаарында дизайнердин окуусун окуп, мектептен алган билимин улантууда.

Ысык-Кол районунун мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында иш чаралар уюштурулууда, Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинде "Өз укугубузду билуу, милдеттерибизди аткаруу менен биримдикке жана ынтымактуулукка жол табабыз" деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Бул тегерек столго обласстык Ынтымак коомунун жооптуу катчысы Д.Касымалиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Муканбаева С, Ысык-Көл райондук билим беруу болумунун башчысы Д.Э.Абирова, ички иштер болумунун башчысы Нуралиев Т.М,Ысык-Көл районунун прокурору Таалайбеков М.Т,ички иштер бөлумунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Шаршеналиева Г.А, Бостери айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Казыбаев, жана Бостери айыл аймагына караштуу мектептердин 8-9-10-11 класстарынын окуучулары мектеп жетекчилери катышышты. Жогоруда аталган жетекчилер окуучулар менен бирдикте тегерек столдун ишине активдүү катышышып, иш чара жогорку денгээлде өткөрүлдү.

8. Мектеп акыркы жылдары олимпиадалардан областык денгээлинде алдынкы орундарды камсыз кылып келе жатышат. 2014-2015-окуу жылында өткорүлгөн “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” темасында өткорүлгөн олимпиданын областык турунда 1-орунга ээ болгон окуучубуз Амангелдиев Эркин республикалык туруна катышууга укук ала алды. Окуучуларыбыз спорт жагынан да алдынкы көрсөткүчтөрдү бере алышты. Мектептин футбол командасы Бишкек шаарында өткөрүлгөн футбол боюнча спартакиадада 2-орунга жетишишти. ЖРТнүн жыйынтыгы акыркы үч жылда 190 балга чейин жетип, бүтүрүүчүлөрүбүз республикабыздын алдынкы жогорку окуу жайларына тапшыра алышты.

2016 жылдын 28-29 январында өткөрүлгөн райондук олимпиадада 5 окуучу областтык олимпиадага жолдомо алышты.

“Алгачкы коңгуроо” салтанатынын жасалгаланышы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, министр Момуналиев Нурханбек Сакенович 2015-2016-окуу жылынын алгачкы мейманы болду.

2015 жылдын 1-сентябрь Билим күнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Н.С Момуналиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлуктүн орун басары Р.Н.Борбукеева, Ысык-Көл райондук билим берүү болүмүнүн башчысы Абирова Д.Э биздин мектепке иш сапар менен келишти. Н.С Момуналиев биринчи конгуроо салтанатына катышып мугалимдерди жана окуучуларды жаны окуу жылы менен куттуктады.Андан кийин 9 класста биринчи сабакты С.Момункулов жогорку денгээлде өтүп, балдарга тарбиялык мааниси абдан чоң болду.

2015-жылдын октябрь айында мектепте күз майрамы болуп өттү. Бул майрамга бардык класстар активдүү катышты. Окуучулардын колунан жаралган көргөзмөлөр, дубал газеталардын сынагы уюштурулуп, жыйынтыктары чыгарылды.