МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп – лицейи тууралуу.

Ысык-Көл районунун Бостери айлында билим берүүнүн башаты Үркүндөн кийин 1918 -жылдарда башталат. Бостери айылында биринчи динсиз мектеп Кызыл тоонун тубундо, Бактынын багы деген жерде эски мечитте 1918- жылы негизделген. Балдарга арипти таанытып , окуганды үйрөткөн биринчи мугалим Өмүркан Кожомберди уулу болгон.1921- жылы мектеп Бостери айылынын так ортосуна кочурулуп келинген. Окуучулар боз үйлөрдө, жерге отуруп окушкан.1924 -жылы 4 бөлмөлүү мечит бошотулуп берилип башталгыч класстары пайда болот. Бул мектепте мугалим Байбосунов Белек агай билим берген. Агай балдарга билим берүүдө зор эмгек жасаган. Бостери айылынын жогору түндүк батыш жагында жайгашкан Боз-Ала тоосунун аркы бетинен топурак алып келип, бышырып бор катары пайдаланган. 1933-38 жылдары толук эмес орто мектебине айланып 1947-48 окуу жылында 18 окуучу орто билимдин аттестатына ээ болушкан. Ушул мектептен билим алган окуучулар илим, билимге жетишип академиктер, ондогон илимдин докторлору, жүздөгөн илимдин кандидаттары чыгышкан. Кыргызстандын башка райондорунда жана союздук республикаларда партиялык, советтик уюмдарда жетекчи кызматта иштешкен. Репрессияга учураган саясый кызматкердин бири Хасан Жээнбаевдин ысымын алып жүргөн мектеп-лицейинде жалпысынан 1045 окуучу билим алат, 76 мугалим эмгектенишет. Анын ичинен 20 мугалим Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары болуп эсептелишет. Өткөн окуу жылында окуучулардын билим сапаты 32%ды түзгөн. Жыл сайын мектеп босогосун 110 ашык окуучу аттап, билим алууга умтулушат.

2013-2014 окуу жылында Х.Жээнбаев атындагы мектеп- лицейи деген статуска ээ болгон. Мектепте ашкана , спорт зал, китепкана окуу бөлмөсү менен, усулкана , мультимедиалык кабинет, компьютердик класс, тигүү цехи, инсандар залы, акелер залы жана башка окуу кабинеттер уюштурулган.Окуу- тарбия процессин электрондоштуруу максатында мектеп электрондук мектеп долбооруна активдүү катышып дагы бир статуска ээ болду.

Окуучулар арасында кылмыштуулукту, зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында видео көзөмөлдөр орнотулду. Мектеп жамааты тарабынан мектептин материалдык базасын чыңдоо, окуучулардын билим алуусун жакшыртуу, инсанга багытталган татыктуу тарбия, билим берүү, аларды турмушка тарбиялоо боюнча абдан көп иштер аткарылып келүүдө.

Мектеп-лицейинин приоритеттүү багыттарынын бири бул окуучуларга кесиптик билим берүүнүн ийгиликтүү ишке ашырылышы. Бул багытта “Алтын ийне” тигүү цехи уюштурулуп, тикмечи , бычмачылар, мындан сырткары официант-поварлар, туризм боюнча Гид-экскурсоводдору даярдалып, өткөн 2014-2015-окуу жылынын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар 30 окуучуга тапшырылды.

Мектеп окуучулары райондук ,областтык жана республикалык олимпиадаларга активдүү катышып келишүүдө. Жыл сайын математика, химия, биология, география, тарых сабактарынан райондук ,областтык олимпиадаларда балдардын билими жогору бааланып, байгелүү орундарга жетишип келишет. Кыргыз тили боюнча “Аялуу жан сырын адам дилинде айта алат бир гана эне тилинде” аттуу олимпиадада эссе жана долбоор жактоо багыттары боюнча мектеп-лицейдин окуучулары жакшы жетишкендиктерге жетишишти. Бул олимпиадада 10- классынын окуучусу Амангелдиев Эркин биринчи орунга ээ болуп, октябрь айында Бишкек шаарында өтүлүүчү олимпиаданын туруна катышмакчы.

Мектепте окуучуларга эстетикалык тарбия берүү максатында ар кандай кружоктор иш алып барышат.“Ибарат” комузчулар ансамбли уюштурулуп, райондук денгээлде өткөрүлгөн иш чараларга активдүү катышып келишет.

Окуучуларды спортко тарбиялоо боюнча аткарылган иш чаралар да алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Мектеп окуучуларынан түзүлгөн футбол командасы областтык денгээлде өткөрүлгөн окуучулардын спартакиадасында биринчи орунду камсыз кылышып, республикалык турда Бишкек шаарынан кийнки орунду ээлешти. Мындан сырткары мектеп окуучулары шахмат, каратэ,күрөш жана башка сорттун түрлөрү боюнча ийгиликтерге жетишип келет.

Мектептин материалдык базасын чындоо боюнча иш чаралар аткарылып келет. Мектептин чатыры Мерсико эл аралык уюму тарабынан 1млн 300 миң сомго реконструкциядан өткөрүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан 500000 акча каражаты болүнүп залдардын полдору толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кафель төшөлгөн.Мектептин дааратканасы Мерсико уюму тарабынан каржыланып салынган. Ушул эле уюм тарабынан мугалимдер болмөсү жабдылган. АРИС уюиму тарабынан 5 класс комплект парта, шкафтар, доска жана кийим илгичтери менен алынган.