ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин 2015-2016 окуу жылы үчүн иштөө

регламенти .

Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдары жөнүндөгү жалпы Жобонун , Санэпидемстанциясынын нормалары , Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин иштөө регламенти жөнүндөгү көрсөтмөсүнүн , мектептин Уставынын жана окуучулар үчүн ички эрежелердин негизинде түзүлдү.

Окуу жылы:

I .1 класс — 33 окуу жумасы ;

2-4 класстарда- 34 окуу жумасы

5 - 11 класстар — 34, 36 окуу жумасы ;

II . I –чейрек : 2015 жылдын 1-сентябрынан - 2015 жылдын 4 -ноябрына чейин.

Күзгү каникулдар .5 күн- 2015 жылдын 4- ноябрынан - 2015 жылдын 8- ноябрына чейин

II чейрек: 09.11.2015 - 31.12.2015 ж. чейин

Кышкы каникул: 25 күн, 01.01.2016 ж- 24.01.2016 ж. чейин

1-класстар үчүн кошумча каникул: 2016 жылдын 8 февралынан - 15- февралына чейин

III чейрек: 2016-жылдын 25 январынан - 2016 жылдын 17- мартына чейин.

Жазгы каникул : 5-күн, 2016 жылдын 17- мартынан – 2016 жылдын 22- мартына чейин .

IV чейрек : 2016 жылдын 24- мартынан - 2016 жылдын 27- майына чейин

Окуу жылын аяктоо:

27 май 2016 жыл

III. Башталгыч класстар беш күндүк окуу жүктөмү менен иш алып барат.

II, III баскычтар алты күндүк окуу жүктөмү менен иш алып барат

IV. Сабактын узактыгы :

1- класстарда — 40 минута.

2-11 класстарда-45 минута.

V. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдын 31- майындагы №270 токтому менен бекитилген ”Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү Нускаманын 5.1 бөлүмүнө ылайык мугалимдин эмгек акысы каникул күндөрү сакталып турат.

VI. Эмгек тажрыйбасы 5-8 класстарда күнүнө эки сааттан, 10-класстарда күнүнө үч академиялык саат менен өткөрүлөт. Эмгек практикасынын тартиби мектептин педагоги- калык кеңешмеси менен такталат жана бекитилет.

VI. 2015-2016 окуу жылы үчүн сабактардын ирети (тиркелет)

VIII. Сабактар арасындагы тыныгуу убакыттары

I-смена II-смена

1 сабак -8.45-8.50 1 сабак – 13.45-13.50

2 сабак – 9.35-9.40 2 сабак- 14.35 -14.40

3сабак - 10.25-10.35 3 сабак -15.25-15.35

4 сабак -11.20-11.25 4 сабак -15.35-15.40

5 сабак -12.10-12.15

6 сабак - 13.00

IX. Сабактардын башталуу убактысы жай мезгилинде эртен мененки саат 8.00 башталат.

Кыш мезгилинде саат 8. 30 башталат.