МОНИТОРИНГ ЖАНА АНАЛИЗ

Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин 2015-2016-окуу жылынын 1-чейреги менен

2014-2015-окуу жылы үчүн түзүлгөн мониторингдин

салыштырма анализи.

Салыштырма анализ төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлдү:

  1. билим сапаты

  2. жетишүү

  3. катышуу

  4. отличниктер

  5. ударниктер

  6. жетишпеген

2014-15-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 1-11-класстардын билим сапаты 34% көрсөтүлдү. 1-11-класстарда баардыгы 1024 окуучу. Жалпы окуучулардын жетишуусу 98%. Отличник окуучулардын саны -78, ударник окуучулар 247

Башталгыч класстарда окуу программасы толугу менен өздөштүрулгон.

2013-14-окуу жылы жана 2014-2015-окуу жылынын баскычтар боюнча билим сапатынын салыштырма таблицасы

Салыштырма анализдин көрсөткүчү боюнча билим сапаты өткөн окуу жылына салыштырмалуу 5% котөрүлгөн. Мугалимдердин изденип эмгектенүүсунун жыйынтыгында билим сапаты көтөрүлгөн. Окуучулар менен жеке иштөө, мультимедиалык класста предметтер боюнча сабактарды өтүү, фундаменталдык предметтер боюнча кошумча сабактарды өтүү бир топ жылыштарды бере алды. Ар бир класс кабинеттер телевизор, DVD менен жабдылган. Бул жерлерде окуу дисктери менен окутуулар жүргүзүлүүдө. Биздин мектепте жетишпеген да класстар бар. Булар 10-а, 9-в класстар. Бул класстардын билим сапатынын көрсөткүчү башкаларга салыштырмалуу төмөн. 9 классты аяктаган соң класстын алдынкылары окуу жайларына тапшырып кеткендиктен билим сапаты төмөндөгөн. Класс негизинен тартиби оор класстардын бири. Окуучуларга ата-энелер тарабынан көзөмөл аз. Ата-эненин мектеп менен мамилеси начардыгынан окуучулар сабактардан качып кеткен күндөрү болууда. Бул тууралуу класс жетекчисине айтылып, балдар менен жеке иш алып барылууда.

2013-2014-окуу жылы

2014-2015-окуу жылы

2015-2016-окуу жылы

Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин тарбия завучунун 2015-2016-окуу жылына карата аткарылган иштеринин отчёту.

2015-2016-окуу жылында Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи түзүлгөн планынын негизинде иш жүргүзүүдө. Окуу жылынын башында 2015-2016-окуу жылы үчүн иш планы каралып чыгып, бекитилди. Билим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын окмот башчысы Момуналиев Н. , Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Борбукеева Р. жана Ысык-кол районунун билим беруу башчысы Абирова Д.Э ата-энелердин катышуусу менен салатанатуу линейка болуп өттү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын окмот башчысы «9- А» класста класс жетекчиси Аденова З., мектеп администрациянын катышуусу менен “Мекеним-Кыргызстан” темасында ачык сабак өтүлдү. Ачык сабактар отулгондон кийин мектеп ичинде экскурсия болуп өттү.

«Мекеним Кыргызстан » аттуу темада ар бир класстарда ачык сабактар

откорулду Сентябрь айында тоголок жетим, жарым жетим, жетишпеген үй бүлөөдөгү, ата-энеси чет өлкөгө кеткен окуучулардын тизмеси түзүлдү. Жалпы мектеп боюнча ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, ата-энелер комитетинин курамы бекитилди. Мектеп парламенти түзүлүп, жаңы окуу жылына карата иш планы бекитилди. Мектеп ичинде ИДН менен бирдикте профилактика бөлмөсү уюштурулду. “Даткайым” кыздар уюмунун иш планы каралып чыгып, бекитилди. «Даткайым » кыздар менен жеке иш чаралар откорулду. Кыздар менен жана врач Касымбекова Д. Мектеп администрация класс жетекчилер менен тегерек стол откорулду. Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны унута албайт тарыхтан” темасында айлык жарыяланып, дил баяндардын конкурсу, ачык сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле кыргыз тил мугалимдери сахналаштырылган чакан концерт уюуштурулду бул сабак оз максатына жетти.Класс жетекчилер менен сабакка көп келбеген окуучулар, жардамга муктаж болгон окуучулардын үйлөрүнө барып, ата-энелери менен аңгемелешүү жүргүзүлдү. Ата –энелер менен уч тараптуу келишим тузулду.

Сентябрь айында “Кыздар жана энелер” темасында чогулуш өткөрүлүп, айылдын аялдар комитетинин мүчөсү Жамансартова Ж. катышты. Ошондой бул чогулушка «Даткайым» кыздар совети да катышты бул чогулушта кыздардын тартиби жана озун кандай алып журусу боюнча коп суроо талптар каралды.

“Ишеним почтасы” түзүлдү жана окуучулардан түшкөн каттар менен жыл ичинде таанышылып, тиешелүү чаралар көргөзүлүп турат.

Октябрь айында 1-октябрь карылар күнүнө карата окуучулардын жардамы менен ардагер мугалимдерге концерт уюштурулуп белектер берилди. Мындан тышкары мектепте уюштурулган “Тимурчулар” командасы жардамга муктаж болгон ардагер агай-эжейлерге жардам бере алышты. Ардагер мугалимдер Асанбаев Мустапа, Алжамбаев Жайылкан, Жапакеева Бурмакан жана башка ардагер мугалимдер окуучуларга берген жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бул айда тартиби оор, мектеп ичинде учётто турган 10-г классынын окуучусу Кудина А., 8-г класстын окуучусу Воронцова А., 10 классынын окуучусу Жыргалбеков Б. жана башка ушул сыяктуу окуучулардын үйлөрүнө ЖОИнин кызматкерлери, класс жетекчилер менен бирге рейд жүргүзүлүп, ата-энелер менен аңгемелештик. Мугалимдер күнүнө карата мектеп парламенти тарабынан уюштурулган чакан концерт өткорүлдү.

Октябрь айында мугалимдер күнүнө карата “ Мугалим- момолүү дарак” аттуу темада ачык сабактар болуп отту.Ачык сабактар оз максатына жетти. ИДНдин кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери боюнча лекция окулду. ИДН тарабынан мектепте кылмыштуулуктун алдын алуу чогулушу ай сайын болуп отту. ИДН тарабынан Наркоманиянын, тамеки тартуу , коорупциянын, суициддин алдын алуу боюнча ачык тарбиялык сааттар откорулуп жана аларга класс жетекчилер тарбиязавуч катышты.

Жалпы мектеп боюнча “Алтын күз” майрамы өткөрүлүп, алдынкы класстар мактоо баракчалары менен сыйланышты.