ОЛИМПИАДА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

2015 жылы январь айында өткөрулгөн райондук олимапиадада биздин мектептин 5 окуучусу I байгелүү орундага ээ болушкан. Алар 10 класстын окуучусу Шаршенаалы кызы Керемет химия сабагынан, 9- класстын окуучусу Байсеркеев Сыймык химия сабагынан, 11- класстын окуучусу Сабырбеков Чолпонбек тарых сабагынан, 10- класстын окуучусу Сейдеева биология сабагынан, 11- класстын окуучусу Тузанова Гуляим география сабагынан .2015 жылдын 26-28 февралында Каракол шаарында өткөрүлгө олимпиададан үч окуучу женүүчүлөрү болуп кайтышты. Шаршенаалы кызы Кермет химиядан III орунга, 11- класстын окуучусу Тузанова Гуляим- III орун, 10- класстын окуучусу Сабырбеков Чолпонбек II орунга ээ болушту. Байсеркеев Сыймык областтык олимпиадага активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланды

2016 жылдын 28-29 январында А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында районук олимпиада болуп өттү. Райондук олимпиадада биздин 5 окуучу областтык олимпиадага катышууга укук алышты.

Областтык олимпиаданын жыйынтыгында10 классынын окуучусу Байсеркеев Сыймык химиядан I-орунга, 11 классынын окуучусу Сабырбеков Чолпонбек тарых сабагынан I-орунга , 9 классынын окуучусу Байсеркеева Майрам англис тилинен III -орунга, 10 классынын окуучусу Муратбекова Алина орус тилинен III-орунга ээ болушту. Ийгиликтери менен куттуктайбыз!