НЕГИЗГИ

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи Ысык-Көл облусу, Бостери айылы , Кыргыз Республикасы

Школа-лицей им.Х.Жээнбаева, с.Бостери, Иссык-Кульская область, Кыргызская Республика

Адрес: ул.Каралаева.1

722103.с.Бостери

Кыргызская Республика

тел: +996 705382385

e-mail:

website:

Сулайманов Ж.М

Директор

director

Исмаилова Н.Ж

Замдиректора по учебной работе

IsmailovaN

Рысмендеев У.К

Замдиректора по воспитательной работе

RismendeevU

Мектеп миссиясы:

“Хасан Жээнбаев атындагы Бостери мектеп- лицейи билим берүүчү мекеме болуу менен бирге, башталгыч, негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат. Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо”

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп- лицейи тууралуу

Ысык-Көл районунун Бостери айлында билим берүүнүн башаты Үркүндөн кийин 1918 -жылдарда башталат. Өсүп келе жаткан муундардын, алардын эртеңки тагдыры кандай болоорун ойлонуштуруп айылда биринчи динсиз мектеп уюштурулат. Ушул мектептен билим алган окуучулар илим, билимге жетишип академиктер, ондогон илимдин докторлору, жүздөгөн илимдин кандидаттары чыгышкан. Кыргызстандын башка райондорунда жана союздук республикаларда партиялык, советтик уюмдарда жетекчи кызматта иштешкен. Репрессияга учураган саясый кызматкердин бири Хасан Жээнбаевдин ысымын алып жүргөн мектеп-лицейинде жалпысынан 1045 окуучу билим алат, 76 мугалим эмгектенишет. Анын ичинен 20 мугалим Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары болуп эсептелишет. Өткөн окуу жылында окуучулардын билим сапаты 32%ды түзгөн. Жыл сайын мектеп босогосун 110 ашык окуучу аттап, билим алууга умтулушат.

2013-2014 окуу жылында Х.Жээнбаев атындагы мектеп- лицейи деген статуска ээ болгон. Мектепте ашкана , спорт зал, китепкана окуу бөлмөсү менен, усулкана , мультимедиалык кабинет, компьютердик класс, тигүү цехи, инсандар залы, акелер залы жана башка окуу кабинеттер уюштурулган.Окуу- тарбия процессин электрондоштуруу максатында мектеп электрондук мектеп долбооруна активдүү катышып дагы бир статуска ээ болду.

Окуучулар арасында кылмыштуулукту, зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында видео көзөмөлдөр орнотулду. Мектеп жамааты тарабынан мектептин материалдык базасын чыңдоо, окуучулардын билим алуусун жакшыртуу, инсанга багытталган татыктуу тарбия, билим берүү, аларды турмушка тарбиялоо боюнча абдан көп иштер аткарылып келүүдө.

Мектеп-лицейинин приоритеттүү багыттарынын бири бул окуучуларга кесиптик билим берүүнүн ийгиликтүү ишке ашырылышы. Бул багытта “Алтын ийне” тигүү цехи уюштурулуп, тикмечи , бычмачылар, мындан сырткары официант-поварлар, туризм боюнча Гид-экскурсоводдору даярдалып, өткөн 2014-2015-окуу жылынын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар 30 окуучуга тапшырылды.

Мектеп окуучулары райондук ,областтык жана республикалык олимпиадаларга активдүү катышып келишүүдө. Жыл сайын математика, химия, биология, география, тарых сабактарынан райондук ,областтык олимпиадаларда балдардын билими жогору бааланып, байгелүү орундарга жетишип келишет. Кыргыз тили боюнча “Аялуу жан сырын адам дилинде айта алат бир гана эне тилинде” аттуу олимпиадада эссе жана долбоор жактоо багыттары боюнча мектеп-лицейдин окуучулары жакшы жетишкендиктерге жетишишти. Бул олимпиадада 10 классынын окуучусу Амангелдиев Эркин биринчи орунга ээ болуп, октябрь айында Бишкек шаарында өтүлүүчү олимпиаданын туруна катышмакчы.

Мектепте окуучуларга эстетикалык тарбия берүү максатында ар кандай кружоктор иш алып барышат. “Ибарат” комузчулар ансамбли уюштурулуп, райондук денгээлде өткөрүлгөн иш чараларга активдүү катышып келишет.

Окуучуларды спортко тарбиялоо боюнча аткарылган иш чаралар да алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Мектеп окуучуларынан түзүлгөн футбол командасы областтык денгээлде өткөрүлгөн окуучулардын спартакиадасында биринчи орунду камсыз кылышып, республикалык турда Бишкек шаарынан кийнки орунду ээлешти. Мындан сырткары мектеп окуучулары шахмат, каратэ,күрөш жана башка сорттун түрлөрү боюнча ийгиликтерге жетишип келет.

Мектептин материалдык базасын чындоо боюнча иш чаралар аткарылып келет. Мектептин чатыры Мерсико эл аралык уюму тарабынан 1млн 300 миң сомго реконструкциядан өткөрүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан 500000 акча каражаты болүнүп залдардын полдору толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кафель төшөлгөн.Мектептин дааратканасы Мерсико уюму тарабынан каржыланып салынган. Ушул эле уюм тарабынан мугалимдер болмөсү жабдылган. АРИС уюиму тарабынан 5 класс комплект парта, шкафтар, доска жана кийим илгичтери менен алынган.